Чүй ОИИББы боюнча ЖКККБы жол кыймылынын жаш инспекторлору онлайн сынагын өткөрүштү(видео)

Республика аймагында инфекциялык «COVID-19» илдети кирип, өзгөчө кырдаал тартиби орногондон бери билим берүү мекемелери окуучуларды онлайн тартипте окутуу ыкмасына өтүштү, ошол эле учурда балдарыбыздын жолдогу коопсуздугу жана алардын жол кыймылынын эрежелерин өздөшүрүүсүн улантуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын кызматкерлеринин эң негизги милдети.
Жаш жол кыймыл инспекторлору – бул мектеп окуучуларынан турган чыгармачыл топ, алар мектептерде балдардын жолдогу коопсуздугун профилактикалык иштерин өткөрүүдө, жаш өспүрүмдөр арасында жол кыймылынын эрежелерин үгүттөө иштерин өздөрү билим алган мектептерде токтотпостон жүргүзүшөт.
Чүй ОИИББы боюнча ЖККК башкармалыгы Сокулук райондук усулдук билим берүү бөлүмү менен биргеликте өзгөчө кырдаал тартибине карабастан, жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу, мектеп окуучуларынын жол кыймылынын эрежелерин билимин өрчүтүү жана жол кыймылынын жаш инспекторлору уюмдарынын кыймылын жайылтуу максатында, мектеп окуучулары арасында онлайн шартында “Жол кыймылынын жаш инспекторлору” кароо-сынагын өткөрүштү.
Сокулук РИИБы боюнча ЖККК бөлүмүнүн улук инспектору милициянын капитаны К.Борукбаев жана райондук усулдук билим берүү бөлүмүнүн кызматкери М.Молдалиевалар колго алып, катышуучулардын табыштамаларын кабыл алышты.
“Жол кыймылынын жаш инспекторлору” онлайн сынагына Сокулук районунун;
— №2 Сокулук орто мектебинин,
— Биричи май айылынын орто мектебинин,
— Фрунзе айылынын орто мектебинин,
— Гавриловка айылынын орто мектебинин,
— Комсомол айылынын орто мектебинин,
— Новониколаевка айылынын орто мектебинин,
— Жал айылынын Мамыралиев атындагы орто мектебинин,
— Төш-Булак айылынын Кулданов атындагы орто мектебинин окуучулары катышты.
Онлайн кароо-сынак бир канча түрдө өткөрүлдү:
“Саптык кароо” сынагында катышуучулар сапта туура басуу, речёвка жана саптык ыр ырдоо шартын тартуулашты.
“Жол эрежесинин биларманы” сынагында катышуучулар ким жол эрежесин канчалык жакшы билерин көргөзүштү.
“Коопсуз дөнгөлөк” сынгынын шартында катышуучулар велосипед туура тебүү, тосколдуктардан өтүү тартибин көргөзүштү.
Ошондой эле жаш жол кыймыл инспекторлору өздөрү даярдаган театырлаштырылган чыгармаларын тартуулап жана дубал газеталарын жакташты.
Сынактын жыйынтыгы менен Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын дипломдору менен №2 Сокулук орто мектебинин, Биричи май айылынын орто мектебинин жана Төш-Булак айылынын Кулданов атындагы орто мектебинин окуучулары сыйланышты.
КР ИИМдин ЖКККББы басма сөз кызматы.



