Дүйнө

Россияда коронавируска каршы вакцина массалык пайдаланылууга жайында берилет

Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко, коронавируска каршы вакцина июль айынын аягында даяр болот деп,  «Россия 1» телеканалына берген интервьюсунда билдирди.  

Анын сөзү  боюнча азыр бул суюктуктун (сыворотка) клиникага чейинки сыноосу өтүп жатат. Алгачкы натыйжалар июль айынын аягында алынат.

«Бүт баары графикке жараша кетип бара жатат, үзгүлтүккө учураган жок», — деп кошумчалады министр.

Ушундан улам, Россиянын саламаттык сактоо министрлиги, коронавируска каршы вакцина пайдаланууга июлдун аягында чыгып калышы мүмкүн деп божомолдоодо.

Эсиңерге сала кетсек, 14-майда Россиянын президенти Путин менен болгон жыйында, окумуштуулар коронавируска каршы жалпы эмдөө сентябрь айында башталат деп убада кылышкан.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button