Саясат

Жапыкеевдин туугандарына катталган байлыктар. Аны да элге тартып берүүгө даярбы? (тизме-фото)

“Чоң-Казат” уюмунун мүчөлөрү — юристтер, прокуратура менен улуттук коопсуздук кызматынын экс-кызматкерлери Сыймык Жапыкеев жана Максат Мамытканов, силер да колунда бар, бай жашаган тууган-туушканыңардын мүлкүн элге тоноп, тартып бергенге даярсыңарбы?

Эмесе, коомчулукту митингге чакырып, байлардын мүлкүн тартып алабыз деп кайрылуу жасаган “Чоң Казат” уюмунун мүчөлөрүнүн мүлкүн да эсиңерге салып, тизмектейли. Балким, биринчи өздөрүнүн байлыгын чыгарып, анан чоочундардын байлыгын эсептешээр.

Алгач, коррупционерлердин акесин таанытам деген Сыймык Жапыкеевдикинен баштайлы. Сүйлөгөн менен кылган иши шайкеш келиш керек да чынбы? Элди тоноочулукка үгүттөп жаткандан кийин, демилгенин ээси катары алгач өзүнөн баштасын. Бекеринен “Инициатива-наказуема” делбейт. Демилгечи адам алгач өзү үлгү болуш керек, өзүнүн айткан убадасына бек туруп аны аткарыш керек…

Мисалы, Сыймыктын агасынын Бишкекте эки квартирасы, Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан чоң особнягы бар. Дагы бир үйү бар, бирок ал особняк эмес, бирок ошол үйдүн ордуна чоң особняк сала турган ой менен алынган үй экени көрүнүп турат. Себеби, короо-жайы кенен. Сыймыктын агасынын атасы Акжолтоев Нурбек Жапыкеевге “Фармамир” дары тармактык компаниясы катталган.

Дагы бир агасы — Акжолтоев Бактыгул Жапыкеевич шаардагы белгилүү ресторан “Saltanat Palace” жана белгилүү «Berlin» аттуу дүкөндүн ээси.

Жапыкеевдин апасы Маданбека Турсун Алиаскаровнага Бишкек шаарындагы Чүй проспектисинде жайгашкан  «Барчын» деген дүкөнү катталган.

Сыймык мырза, сиздин туугандарыңыз мүлктөрүн эл менен бөлүшүүгө даярбы? Же өзүңөрдүкүн аяп, “чужой не жалко” деген девизби?

Ал эми, конторада иштеп жүргөндө «почтольон» аттуу каймана атка конгон, кесиптештер арасында баркы жок, “айдап кел, байлап кел” кызматын аткарган, өзүн маалымат каражаттарына полковник атаган, бирок майор деген гана чини бар Мамытканов Максат деле кедей-кембагал болумуш болбой эле койсун!

Анын өзүнүн атына Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылындагы Бакай-Ата  көчөсүндө  (№20) турган чоң жер тамы, ошол эле айылда бир эмес кенен эки  үлүш жери бар, анын бири курорттук зонада жайгашкан.

А атасы  Мамытканов С. наамында ушул эле Чоң-Сары-Ой айылынын Бакай-Ата көчөсүндө (№18) жайгашкан чоң үй катталган. Аялы Жаманова Марина Октябрьевнага Бишкек шаарындагы Абдрахманов көчөсүндө  №176 үйүндө коммерциялык жер тилкеси, Киев көчөсүнүн №9 үйүндө жайгашкан коммерциялык жер тилкеси, Рыскулов көчөсүндө №28 жайгашкан коммерциялык жер тилкеси андан тышкары Ысык-Көлдөгү ошол эле Чоң-Сары-Ой айылында эки жер тилкеси жазылган. Андан тышкары Бишкек шаарындагы Тунгуч кичирайонунда  №75 үйдүн, №22 квартирасы жазылган.

Максат мырза, сиз не дейсиз буга? Сиз да эл менен бөлүшүүгө даярсызбы? Же бул жер тилкелерин кантип алганыңызды актанып айтып бересизби?

Неси болсо да чоочундардын байлыгын санап, алардын короосуна ыргыткан таш так төбөңөргө тийбесе болду!

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button