Дүйнө

Пандемияда Марк Цукерберг миллиарддаган киреше тапты

Пандемия учурунда акыркы эки айда дүйнөдөгү эң бай деп табылган 25 адамдын кирешеси коронавирус пандемиясына карабай 225 миллиард долларга өстү. Бул тууралуу Forbes басылмасына шилтеме кылып «Известия» жазып чыкты.

Миллиардерлерге 23-марттан 22-майга чейин көз салган. Эң бай деп табылган 25 адамдын мүлкү учурда 1,5 триллионго жеткендиги болжолдонуп, дүйнөдөгү миллиардерлердин жалпы байлыгынын 16 пайызын түзгөндүгү айтылууда.

Алардын ичинен эки айда Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг ири киреше тапкан. Анын байлыгы 31,4 миллиар доллардан 86,5 миллиард долларга чыгып, Facebook компаниясынын акцияларынын баасы 60 пайызга жогорулаган. Жыйынтыгында Цукерберг жер бетиндеги бай адамдардын ичинде жетинчи орунду ээлесе, эки айда түртүнчү орунга чыккан.

Миллиардерлердин ичинен онлайн-соода менен алектенген Pinduoduo компаниясынын ээси Колин Чжэн Хуан эки айда 17,9 миллиард доллар таап, байлыгы 35,6 миллиард долларга жетти.

Ал эми Amazon компаниясынын ээси Джефф Безос эки айда 29,9 миллиард доллар киреше көрүп, анын байлыгы 146,9 миллиардга чукулдаган. Белгилей кетсек, ал дүйнөдөгү эң бай адамдардын сап башында турат.

Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтстин мүлкү 11,9 миллиард доллардан 106,5 миллардга, франциялык LVMH (Louis Vuitton Moet Hennessy) компаниясынын генералдык директору Бернар Арнонун кирешеси 12,8 миллиард доллардан 94,1 миллиард долларга өссө, Berkshire Hathaway инвестициялык фонддун башчысы Уоррен Баффет 69,2 миллиарддын ээси болуп калды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button