Окуялар
Ошто индиялык студент Ак-Буура дарыясына агып, каза болду

Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин студенти, 19 жаштагы индиялык жаран Ак-Буура суусуна агып, каза болгон.
112 ыкчам номерине 29-майга оогон түндө, саат 4:00 чамасында маалымат түшкөн. Издөө иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана Ош шаардык ИИБнын кызматкерлери жүргүзүшкөн. 29-май күнү, болжол менен саат 9:30 чамасында студенттин сөөгү табылган.
Маалыматка караганда маркум бир нече шериктери менен саат 3:30 чамасында дарыянын боюна барып, сууга агып кеткен. Сууга агардан мурда ал алкоголдук ичимдик ичкени маалым болду.
Ош шаарындагы медициналык окуу жайларында эки миңден ашуун индиялык студент окуйт.
Abal.kg