Адахам Мадумаров Ысык-Көл мейманканасы бузулду деп ыйламсырап, саясий упай топтобосунчу!

Бутун Кыргызстан партиясынын лидери Адахан Мадумаров Бишкектеги «Ысык-Көл» мейманканасынын тагдырын ортого салып, дагы да болсо саясий упай топтоо максатын көздөп келгенин, анын элге кайрылып жазган видеотасмасынан ачык эле көрүнүп турат.
Бул тажрыйбалуу саясатчынын сөзгө чечен экенин, кала берсе актердук да дареметин эл өтө жакшы билет. Таланттуу адам, анда сөз жок, албетте. Бирок, тилекке каршы, ал таланттарын өлкөнүн өнүгүүсүнө, элдин кызматына иштетейин деген ниети жок көрүнөт. Качан болсо өзүнүн кызылдай кызыкчылыгын көздөп, элди оңдон солго жетелеп келет. Мейманкана тууралуу жасаган кайрылуусунун максаты да ал имаратты сактап калуу эмес, а балким, саясий упай топтоп, ЖКтин төрагалык кызмат ордун ээлеп калуу болуп жүрбөсүн.
Ал максатына жетүү үчүн өлкөнүн аткаруу бийлигинин «Ысык-Көл» мейманканасын бузуп, ордуна жаңы, заманбап проекттердеги имараттарды тургузуу пландарынын маанисин түп-тамырынан бурмалап, көзү жаш алгыдай болуп, терең кайгыруу менен элге кайрылганын көргөн карапайым адамдын чын эле көзүнө жаш келбей койбойт го, чиркин!
Бишкектеги «Ысык-Көл» мейманканасынын имараты 1984-жылы, Кыргыз ССРинин 60 жылдыгына карата курулган. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында, тактап айтканда, 1993-жылы, бул имарат архитектуралык эстеликтердин тизмесине киргизилген. Анын да көмүскө мааниси жок эмес го, сыягы. Анткени, биринчиден, бул абасы таза, салкын жерде жайкашкан мейманкананын өзү эмес, анын айланасындагы үч гектарга жакын жер аянтына көптөгөн, колунда бар мекендештерибиз көз артып жүргөнү жашыруун эмес. Архитектура эстелиги деген статус, балким, бул имаратты да, ага тиешелүү жерди да 90-жылдардагы башаламандыкта таламайдан сактап калуу үчүн берилип калган чыгар.
Чын-чынына келгенде, бул имараттын Кыргы СССРинин 60 жылдык мааракесине арналганы эле болбосо тарыхый-архитектуралык баалуктарга төп келе турган эч бир артыкчылыгы жок. Салыштырмалуу айтканда Өзгөн жана Токмок шаарынын байыркы мунаралары, Манас күмбөзү, Ала-Бука районундагы Шах-Фазиль тарыхый комплекси, же шаарга кайрылганда, Ала-Тоо кинотеатры, мэриянын тушунда жайгашкан техникумдун, азыркы МУК ээлеп турган имараты жана анын тушундагы, эгиз козудай окшошкон банктын имараттарына тарыхый-архитектуралык статус жарашат десек болот.
Экинчиден, дүйнөлүк тажрыйбада эскилиги жеткен имараттарды бузуп, ордуна заманга ылайык жаңы долбоор боюнча курулган имараттар тургузулуп келгени кеңири белгилүү. Заманбап технологиялар колдонгон жерде 100 кабаттуу асман тиреген имараттарды да үч мүнөттө жер менен бир кылып, көчүрүп, ордун тазалап, бир жумадан кийин ал жерге жаңы долбоор боюнча иштерди баштап жүргөн учурлар аз эмес.
Мисал катары айтсак, Москва шаарындагы Советтер Сорюзунун учурунда курулган, шаардын көркү, сыймыгы, деп аталып келген «Россия» мейманканасын пайдубалы менен кошо алып салып, ордуна жаңы заманбап мейманкана курулганын атап кетсек эмнеге болбойт.
Же болбосо, өзүбүздүн борбор калаабыздагы Эркиндик бульварындагы Пишпек мейманканасы өз учурунда замандын талабына ылайык имарат катары саналып, көптөгөн кыргызстандык жана чет өлкөлүк коноктордго кызмат көрсөтүп келген. Ушул эле Эркиндик (Джержинский) бульварында, темир жол вокзалынын аянтынын көркүнө көрк кошуп, шаарга келген меймандарды тосуп алып, кызматын аянбай көрсөтүп келген «Ала-Тоо-интурист» мейманканасынын тагдырын атасак эмнеге болбойт. А чындыгында, ушул «Ала-Тоо» мейманканасынын имараты тарыхый-архитектуралык эстелик деген наамга татыктуураак болсо керек эле. Ал нерсе Фрунзе шаарынын эски сүрөттөрүнөн көрүнүп эле турбайбы. Аталган имараттардын тагдырын ким ойлоп, ким эске алды?
Бөйрөктөн шыйрак чыгарган саясатчынын бул кайрылуусу элдин көңүлүн өзүнө буруп, өзүнүн саясий салмагын гана жогорулатууга максатталса керек. Бирок, ойлобой сүйлөгөндүн арты жакшы болчу эмес эле. Кала берсе, айылдагы атасынан калган үйдү бузуп, ордуна заманга, капчыгына ылайык жаңы үй куруп жатып ушул эле саясатчы кайгырып, көзүнө жаш алды бекен? Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө, деген сөз аталарыбыздан калган сөз. Аны эстен чыгарбай жүрсөк жаман болбосо керек. Саясаттагы ыплас технологиялар элдин маанайын бузуп, бейпилдикке кол саларын саясатка аралашып жүргөн адамдар жакшы билет, бирок, ага карабай ушул сыяктуу кадамдарга барганы акылга сыйбаган нерсе.



