Окуялар

Корумду чокусунда альпинисттерди издөө иштери токтолду

Корумду чокусунда жоголгон үч альпинистти издөө иштери аба ырайынын катаал шартынан улам токтотулду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Министрлик 16-августта альпинисттерге таандык бут кийим, андан мурун алардын рюкзагы, уктоочу кап жана башка жеке буюмдары да табылганын эске салды. Ал эми альпинисттердики болушу мүмкүн делген сөөктөр таанылып-тактала электиги айтылды.

«Издөө иштерин жүргүзүп жаткан аймактын бийиктиги жана кооптуулугу, чокудагы муздун эриши жана анын кесепеттери эске алынып, издөө иштери убактылуу токтотулду. Кийинки этап үчүн атайын топ түзүлүп, курамы жана иштин мөөнөтү такталат. Издөө иштеринин экинчи этабын августтун аягында же сентябрда жүргүзүү пландалууда», — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ кечээ издөө иштери аяктагандан кийин куткаруучулар Корумду чокусунан түшүрүлүп, техника менен шаймандар, ошондой эле альпинисттердин жакындары Сары-Таш айылына жеткирилгенин кошумчалады.

Эске салсак, 1-августта үч кишиден турган альпинисттик топ Чоң-Алай районундагы 6 миң 613 метр бийиктиктеги Корумду чокусуна чыккан. 2-августта байланышка чыгып, түшүүгө толук даяр экенин билдиргенден кийин лагерге карай жол тартышкан. Бирок 4-августта белгиленген жерге кайтып келишкен эмес, ошону менен байланыш үзүлгөн.

Тектеш кабарлар

Back to top button