КоомОкуялар

УКМК: «Ак-Тилек автожол» өткөрмө пунктундагы коррупциялык схема аныкталды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК 2026-жылдын 16-августунда ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Ак-Тилек автожол» өткөрмө пункту аркылуу жүк ташуучу автотранспорт каражаттарын мыйзамсыз өткөрүп турган туруктуу коррупциялык топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.

Аныкталгандай, КР Мамлекеттик Чек ара кызматынын жана КР МСКнын ЕАЭБ боюнча башкармалыгынын кызмат адамдары акчалай сый акы үчүн коммерциялык жүктөрдү ташыган оор жүк ташуучу унаалардын Кыргыз Республикасынын аймагына тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыздап, ошол эле учурда расмий документтерде аларды бош унаалар катары катташкан.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча КР Мамлекеттик  Чек ара кызматынын аскер кызматкери Э.у.Ч., МСКнын ЕАЭБ боюнча башкармалыгынын Түндүк аймактык кызматкерлери Ж.М.Т. жана О.К.И., ошондой эле оор жүк ташуучу автотранспорттун айдоочусу Н.М.С. КР ЖПКсынын 96-беренесине ылайык кармалып, жогоруда аталган адамдар КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button