Замирбек Мукашев: Айыл чарба реформасын Талгарбеков талкалаганы көпчүлүккө маалым

Боконбой айылынын асыл тукум мал чарбасынын директору Замирбек Мукашев Фейсбук баракчасына Талгарбековдун Кыргызстандагы Айыл чарба реформасын кантип даярдаганы тууралуу жазып чыкты. Мукашевдин жазганын өзгөртүүсүз беребиз.
“Убагында министрдин орун басары Талгарбеков чала даярдалган, элдин, Өкмөттүн, ЖКтин талкуусунан өтпөгөн, болгону 8 пункттан турган Указдын проектисин даярдап, Акаевке кол койдурганга жетишкен.
Элдин турмушун түп тамырынан бери өзгөртө турган мындай чоң маанидеги документ бардык инстанцияда талкууланып, толукталып, ийине жеткирилип, тиешелүү программалык документтер менен коштолгондо айыл чарба реформасы кыйла ийгиликтүү өтүшү мүмкүн эле.
Тилеке каршы Талгарбеков эки анжы болуп турган Акаевке Указга кол койдуруп, документтердин мамлекеттик жүгүртүү тартибин бузуп, Указды газеталарга чыгартып жиберген.
Ошол кездеги вице-премьер Ж.Аманбаев Указдын даярдалышын премьер Жумагулов да, министрлер кабинети да билбей калышып, газетадан окуп билишкенин айтып чыккан. Ошентип орустар айткандай араба аттын астында чуркап кеткен. Ал эми реформанын жыйынтыгы эмне болгону көпчүлүккө маалым.
Талгарбеков эми жөн эле жүрсө дурус болоор эле”, — деп жазды Замирбек Мукашев.




