Индияда 80 жыл суу да, тамак да ичпеген атактуу йог кайтыш болду

Индияда атактуу йог Прахлад Джани 90 жашка чыгып кайтыш болду. Өзүнүн айтуусуна караганда ал 8 жашынан тартып эч нерсе ичкен эмес: сууну да, тамакты да, деп жазат “Московский Комсомолец” 27-майда.
Джани Гуджарат штатында 1929-жылы туулган. Жети жашынан туулуп өскөн кыштагынан джунглиге кетип калган, а сегиз жашынан баштап суу да, тамак да ичкен эмес, 12синде өзгөчө бир рухий тажырыйба алып, Амба кудай эненин (Кали деп да айтылат) культун тутуна баштаган. Кудай эненин урматына, ал сари кызыл көйнөгүн кийип калган.
Кудай эне ага өзгчө энергия бергендиктен, ал таптакыр суу да, тамак да ичпей койгонго кудурети жетип, ондогон чакырымды жөө басып, айлап медитация жасаган.
Массалык маалымдоочу каражаттардын билдиргенине караганда, окумуштуулар жана врачтар йогду эки жолу изилдешкен –2003- жана 2010- жылы. Алар аны имаратка 10 күнгө камап коюшкан да, байкоо жүргүзүшкөн. Ал чыны менен эле оозуна наар алган эмес. Туалетке да барбаган. Аны Индиянын аскер врачтары да иликтешип, ушундай эле пикирге келишкен.
Бирок буга ишенбегендер да жок эмес. Мурда кээ бир адамдардын көп мезгилге чейин суу да, тамак да ичпегенин баамдашкан, а иш жүзүнө келгенде бул кадимики эле көз боемоочулук болгонун билгендер да бар.
Abal.kg