Дүйнө

Жаңы Хатико. Коронавирустан каза тапкан ээсин ити 2 ай оорукананын алдында күткөн (фото)

Быйыл кышында эле Кытайдын Ухань шаарындагы ооруканага коронавирус оорусу жуккандан кийин жеткирилген бейтапты ити февралдан апрелге чейин күткөн. Ит оорукананын кире беришине жатып алып, ары-бери өткөн адамдарды карап, ээсин күтүп жаткан.

Бул тууралуу жергиликтүү ММК булактары  жазып чыккан. ММКдагы маалыматтар боюнча, иттин ээси ооруканага февраль айында жеткирилген. Ал 5 күндөн кийин эле көз жумган.

Адегенде кожоюнун күткөн итти оорукананын кызматкерлери менен ошол жактагы жашоочулар тамактандырып жүргөн. Кийинчерээк ошол тараптагы дүкөндө эмгектенген аял жаныбарларды коргоо кызматына билдирип, алар итти алып кетишкен.

Көз жумган кожоюнун күткөн, адамга өтө берилген  бул итти тээ илгери Японияда ээсин күткөн Хатикодой кабыл алышты.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button