Коом

Кыргызстанда бала асырап алуу жол-жобосу жеңилдетилди

Кыргызстандын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги бала асырап алуу кызматын көрсөтүү үчүн портал иштеп чыкты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Портал балдарды асырап алуучу ата-энелерди кабыл алуу боюнча жогорку сапаттагы кызматтарды көрсөтүү, балдар жөнүндө маалыматка жетүүнү камсыз кылуу, балдарды тандоодо жана асырап алууда ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында иштейт (портал https://mlsp.gov.kg сайтында жеткиликтүү).

Бала асырап алуу кызматтарынын порталында ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалымат банкында катталган балдардын статусу, жынысы, курагы жана улуту боюнча камтылган.

Бала асырап алуу кызматтарынын порталы – бул бала асырап алууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн ыңгайлуу болгон жаңы электрондук тутум. Портал өлкө боюнча балдардын бирдиктүү маалымат базасын камсыз кылат, бул жарандарга өлкө боюнча балдар жөнүндө онлайн режиминде маалыматтарды көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Бала асырап алууну каалаган жаран үйдөн чыкпай эле, министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө арызды электрондук форматта бере алат деп белгиленди. Баланын көрсөтүлгөн критерийлерине ылайык, жаран асырап алуучу ата-энелерине талапкер статусун алгандан кийин, республика боюнча балдардын маалыматына жете алат. Белгилей кетсек, буга чейин аймактык башкармалыктар ушул аймакта гана катталган балдар жөнүндө маалымат берүүгө мүмкүнчүлүк алышкан.
Бала менен жолугушууну каалаган учурда, бала менен жолугушууга багыт автоматтык түрдө түзүлөт. Талапкердин баланы асырап алуу боюнча оң чечиминин жыйынтыгы боюнча, портал автоматтык түрдө 24 сааттын ичинде алдын ала камкордукка / асырап алууга буйрук берет.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button