Коронавирустан дарылоочу дармек Россияда 11-июнда ооруканаларга берилет

Россиянын саламаттык сактоо министрлиги коронавирустан дарылай турган биринчи дармекке расмий уруксаат берди. Бул туурасында мамлекеттик дары-дармектер сайтында жарыяланды, деп билдирди, 30-майда ТАСС.
Кеп атамекендик «Авифавир» дарысы жөнүндө жүрүп жатат. Бул дары япондордун «Фавипиравир» дармегинин негизинде иштелген. Мурда Эбола безгегине каршы пайдаланылып келген.
«“Афивавир” Россияда катталган коронавируска каршы биринчи эле дары эмес, дегеле дүйнөдө COVID-19ду дарылоочу өтө чоң үмүт арттырган дармек болуп саналат», — деп айтты Россиянын түз инвестициялар фондунун (РФПИ) башкы директору Кирилл Дмитриев.
24-майда эле Россиянын саламаттык сактоо министрлигинин башкы урологу, академик Дмитрий Пушкарь, коронавирустан дарылай турган дармек Россиянын рыногуна июнда чыгарылат деп айткан болчу. Бул дары менен коронавирус инфекциясын дарылоо эки жумадан ашпаган мөөнөттө ишке ашат деп билдирген.
Аталган дармек аптекаларга сатыкка чыгарылбай тургандыгын, ал 11-июндан тартып түздөн-түз ооруканаларга гана жөнөтүлөөрүн “Известия” 31-майда кабарлады.
Abal.kg