Окуялар
Наристенин өмүрүн тобокелге салган жүрөк түшүргөн видео
Интернетте кичинекей баланы желим чакага салып, аны Беларусь тракторунун тумшугуна илип алып, айдап кетип бараткан айдоочунун жоругу, коомчулуктун нааразылыгын жаратты. Бул коркунучтуу жоругу менен трактордун айдоочусу эмнени көргөзгүсү келген? Максаты эмне? Мактанычпы? Ушул кылыгы менен мыйзам алдында жооп берип калаарын түшүнөбү?
Бир дагы акыл-эстүү ата-эне баласынын өмүрүн эч качан мындай тобокелге салбайт!



