Окуялар

УКМК: Өзгөчө ири өлчөмдө баңги каражаттарын тараткан трансулуттук каналга бөгөт коюлду

УКМК тарабынан «Афган чарсы» аттуу баңги каражатын «Ооганстан–Тажикстан–Кыргызстан» багыты боюнча өзгөчө ири өлчөмдө таратуучу трансулуттук каналдын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти .

Маалыматка ылайык, аталган каналдын ишмердүүлүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандары, 1982-жылы туулган М.Д.Н. жана 1971-жылы туулган Н.А.К. кармалган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Аталган берене баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу жана сатуу максатында жөнөтүүгө байланыштуу аракеттерди камтыйт.

Андан аркы текшерүү иштеринин жүрүшүндө жаран Н.А.К. тарабынан үй-бүлө мүчөлөрүнө карата үй-бүлөлүк зомбулук фактылары аныкталды. Бул факты боюнча материалдар өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, кылмыш иши козголду.

Учурда козголгон кылмыш иштеринин алкагында зарыл болгон ыкчам-иликтөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button