Аялын сабап, чачын өрттөгөн кишиге сот өкүмү чыкты

Окуя Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы базарлардын бирине жакын жерде болгон. Анда мурда бир нече жолу соттолгон 36 жаштагы тургун арак ичип алып келинчегинин жумушуна келип ызы-чуу чыгарган. Андан соң май куюучу жайдан бир литр бензин сатып алып, аялын бирдик салып иштеген жайына камап, май чачып өрттөп, өзү ал жактан качып кеткен.
Укук коргоо кызматкерлери аны бат эле колго түшүрүп, Жазык кодексинин 39-130 беренесинин («Бейбаштык максатта киши өлтүрүүгө аракет көрүү») негизинде сотко чейинки өндүрүш ачылып, күйөөсү кармалган.
Ал эми 33 жаштагы жабырлануучу Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылган. Келиндин колу-буту, бети күйүп, оор жаракат алганы айтылат.
Айыпталуучу өз көрсөтмөсүндө мындай кадамга аялынын ызаланткан сөздөрү себеп болгонун билдирген.
«Ал күнү чөнтөгүмдө 500 сом бар болчу, бир литрдей арак ичкем. Базарда жүрүп аялымдын иштеген жерине барып «мени менен жашайсыңбы» деп сурагам. «Жок» дегенинен кетип калгам. Жакын жерде эле жүрсөм колуктум курбусу менен келип мени тээп, бетке чапкылап жиберген. Аялым мага кол көтөргөн эмес, бирок жаман сөздөрдү айтып тилдеген. Ызаланып бензин сатып келип, келинчегимди сыртынан камап, өрт коюп качып кеткем», — деген шектүү.



