Денесинде кенедей түгү жок кызыл эт табышмактуу жандык адамды таң калтырды

Бир аял ити менен сейилдеп жүрүп, капысынан денесинде түгү жок кызыл эт табышмактуу жандыкка кабылган. Бул эмне болгон жандык экенин аял такыр түшүнө албай койду, деп билдирет NUR.KZ.
Бул окуя Улуу Британияда болуп өткөн. Табышмактуу табылгасы тууралуу ал аял өзү айтып берген. Күп-күндүз, чак түштө ал аял итин сейилдетип жүргөн учурда, кызыл эт, түгү жок жандыкты көрүп калат. Анын эч кимге зыяны жок экенин, машинанын алдына кире калып, аяктан бир топко чейин чыкпай олтуруп алганын айтат. Ал түгүл бул табышмактуу жандык машинага түшкүсү келип, аракеттенген. Аял бул жандык аны менен кошо кеткиси келип атат го деп да ойлоп жиберген. Капысынан тиги жандык бир нерседен коркуп кетип, бадалдын арасын кире качкан, деп жазат Daily Star.
Тиги жандыктан айырмаланып, аялдын ити өзүн аябай агрессивдүү кармаган: кызыл этке улам-улам жулунуп, тиш салгысы келген.
Басылма бул кадимки эле хорек экенин айтат. Бөйрөктүн алдындагы бездери илдетке чалдыгып, туура эмес иштей баштаганда хоректордо ушундай оору пайда болуп, куйругунан тартып түлөп, түгү жок кызыл эт болуп калат экен. Бирок бул оору өлүмгө алып келбейт. Ошондой эле аны дарылоого да болот.
Улуу Британияда хоректордун саны 46 миңге жакын.
Abal.kg