Окуялар

Бишкекте 9-класстын окуучусу Нурбекова Мадина изделүүдө

Бишкекте 9-класстын окуучусу дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Ленин райондук ИИБ кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, 29-декабрда А.Н. аттуу жаран милицияга кайрылып, кызы — 2011-жылы туулган, №102 орто мектептин 9-классынын окуучусу Нурбекова Мадина Нурбековнаны издөөгө жардам сураган. Анын айтымында, ошол күнү кыз болжол менен саат 11:30 чамасында мектептен чыгып кеткен бойдон үйүнө кайтып келген эмес. Азыркы учурда анын кайда экени белгисиз.

Бул факты Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБнин АИС ЖУИ системасына катталган.

Белгилери: арык дене түзүлүштө, бою 155–160 см, чачы кара күрөң (каштан) түстө, улуту — кыргыз.
Өзгөчө белгилери жок. Жоголгон учурда мектеп формасында болгон: кара шым, ак көйнөк, кара бут кийим.

Кыздын жүргөн жери тууралуу маалымат билгендер төмөнкү телефондорго чалууну суранабыз:

0312 35 29 47;

0312 35 12 70;

0705 30 77 03;

0551 08 83 30;

0224 21 43 46.

Тектеш кабарлар

Back to top button