Саясат

“Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 21-майында кабыл алынган.

Аталган мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 135346,8 млн. сом суммасында жана чыгашалар боюнча 163039,0 млн. сом суммасында бекитилди, республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмү 27692,2 млн. сом суммасында белгиленди.

2020-жылга республикалык бюджеттин параметрлери республикалык бюджеттин учурдагы аткарылышын, ошондой эле коронавируска каршы багытталган карантиндик чаралардын натыйжасында социалдык-экономикалык өнүгүүнүн көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүүлөрүн эске алуу менен кайра каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button