Коом
“Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү пунктундагы алты чакырымдык тыгынга ким себепкер?

КР Экономика министрлигинин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, 2020-жылдын 14-майынан бери “Актилек-автодорожный” көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунда Кыргызстан тарабынан жүк ташуучу автомашиналардын топтолуп турганы азайбай жатат.
Буга себепкер Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитетинин жана Финансы министрлигинин текшерүүнү күчөтүп жаткан иш-чараларынан улам болууда. Мисалы, 8-июнда 6 чакырымдай автомашиналардын тыгыны пайда болуп, 300 автотранспорт кезек күтүп турушкан.
2019-жылдын март-май айларында кыргыз-казак чек араларында жайгашкан көзөмөлдөө-өткөрүү пункттары аркылуу 85 838 жүк ташуучу автомашиналар өткөрүлгөн. 2020-жылдын ушул убактарында бул көрсөткүч 2,5 эсе азайып, 32 353 жүк ташуучу автомашинаны түзгөн.
Abal.kg



