Маданият

Кыргызпатент авторлор арасында мыкты чыгармаларга улуттук сынак жарыялайт

Көңүл буруңуздар, Көңүл буруңуздар!

Кыргызпатент авторлор арасында улуттук сынак жарыялайт!

Сынак төмөнкү номинацияда өткөрүлөт:

1) проза;

2) поэзия;

3) илимий-популярдуу чыгарма;

4) илюстрацияланган балдар көркөм адабияты;

5) альбомдор, каталогдор;

6) социалдык-гуманитардык багыттагы брошюралар, плакаттар, буклеттер.

Иштер 2020-жылдын 15-июнунан 30-ноябрына чейин кабыл алынат. Сынакка курагы 30 жаштан жогорку авторлор катыша алат. Жиберилген чыгармалар мурда эч жерде жарыяланбаган болушу керек!

Сынактын жеңүүчүлөрүнө басма продукциясы түрүндөгү сыйлыктар тапшырылат.

Чыгарманын көлөмү А4 форматтагы Microsoft Word документи тибинде, Times New Roman арибинде, 14-өлчөмдө терилип (саптардын аралыгы – 1,15), 150-600 беттен ашпоого тийиш.

Сынактын жобосу менен www.patent.kghttp://fund.patent.kg/ сайттарынан  таанышып чыгууга болот.

Сынакка Жобонун №1тиркемесине ылайык өтүнмөнү толтуруп, 30-ноябрга чейин Катчылыктын fu**@****nt.kg электрондук почтасына же болбосо Кыргызпатенттин дарегине: 720021, Бишкек шаары, Москва көчөсү 62 жөнөтүү керек.

Байланыш телефондор: (0312) 68-04-71, (0778) 98-98-08,

(0700) 84-83-29, (0552) 84-83-29

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button