Коом

Бишкектин кичи райондорунда коронавирус көп катталууда (тизме)

Акыркы кездерде Бишкекте коронавирус жуктурган жарандардын көбү кичи райондордо жашайт. Бул тууралуу вице-мэр Татьяна Кузнецова брифинг учурунда билдирди.

Вице-мэрдин айтымында, коронавирус аныкталган 162 адам Бишкектеги 25 конуштун жашоочулары.

«Бишкекте коронавирус жуктурган жарандардын көбү кичи райондордо. Алсак:
12-кичи райондо — 15,
Жал кичи району — 15,
Аламедин-1 кичи районунда – 5,
Фучик көчөсүндө —  алты бейтап жашай турганы аныкталды. Шаарда вирус тастыкталган бейтаптардын ичинен 63ү өздөрү кайрылгандар», — деди Кузнецова.

Вице-мэр 34 адам вирусту кайдан жуктурганы такталбай жатканын баса белгиледи. Ал айрым жарандар бул илдетти коомдук жайлардан, анын ичинде базар, соода борборлору, коомдук транспорт жана автобустардан жүктуруп алганын айтышканын да кошумчалады.

Учурда Бишкек шаарында жалпы 610 адамдан коронавирус табылып, анын 367си айыккан. Ал эми Бишкекте беш киши коронавирус жуктуруп  каза болду.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button