Маданият
Комуздун Кыргызстандыктар биле элек кереметтүү касиети (видео)

Илгери кыргыз комуз четип атса, кээ бир акылдуусунгандар, билимдүүсүнгөндөр «жалпак тактайды эле тырмалай бересиңерби» десе; ушул кезге чейин пианино, скрипка, гитаранын жанында үч кыл аспаптын мүмкүнчүлүгү алда канча жарды деген көз караштар байма-бай өкүм сүрөт. Интернетке тараган мынабул видеодо ошондой ой-пикирлердин канчалык калпыс, тайкы экени, кыргыздын үч кыл комузунун доошу пинанинодон, скрипкадан, гитарадан кем калбаганы, алар менен тең тайлаша турганы көрсөтүлгөн. Маселе «жалпак тактайды тырмаланганда эмес» ага жан, тил бүткөрө турган өнөрпоздордо!
Кыргыздын жапжаш жигиттери үч кыл комузга бүт дүйнөнүн музыкасын баткырышты. Баракелде! Ушундан кийин комузду сүйбөй көр!
Abal.kg



