Окуялар

Айдоочуну бычактап, унаасын айдай качкан жаранды милициянын кайгуул кызматы кармады(фото)

2020-жылдын 20-июнунда болжол менен түнкү саат 12:00 чамасында  Бишкек шаардык ИИББнин “102” кызматына Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде  «авто унааны уурдап кетти» деген маалымат келип түшөт.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек шаардык ИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматы келип, маалыматты тактаганда, 1981-жылы туулган С.Б аттуу аял киши арыз менен кайрылган. Анда  ушул эле күнү саат 02:30 чамасында  арыз ээсинин  1984-жылы туулган М.И. аттуу жолдошун Пригородный айланма жолунда белгисиз бала бычак менен бир нече жолу сайып, арык жээгине таштап кетип, «Део Матиз» үлгүсүндөгү автоунаасын айдап качып кеткен.

Көрүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан кылмыш изи сууй электе шектүү катары 1998-жылы туулган  Э.М аттуу жаран кармалып, Аламүдүн райондук ИИБгынын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Азыркы учурда бул факт Аламүдүн райондук ИИБгы тарабынан кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренесинин (каракчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Милициянын кайгуул кызматынын Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button