Коом

Коронавирус. 205 кишиден аныкталды, 26 дарыгер да жуктуруп алган

Кыргызстанда акыркы суткада 205 кишинин коронавируска кабылганы белгилүү болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

  • Бишкек — 82;
  • Чүй облусу — 33;
  • Ош — 25;
  • Ош облусу — 20;
  • Ысык-Көл облусу — 10;
  • Жалал-Абад облусу — 8;
  • Баткен облусу — 2;
  • Талас облусу — 19;
  • Нарын облусу — 6.

Ушуну менен өлкө аймагында коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 3356га жетти.

Ал эми бир сутка ичинде өлкө боюнча 26 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды.Оору жуктурган кызматкерлердин алтоо Бишкектен, үчөө Чүй облусунан, экөө Ош шаарынан, төртөө Ош облусунан, экөө Баткенден, алтоо Ысык-Көл облусунан, экөө Нарындан жана бирөө Талас облусунан.

Ал эми сутка ичинде ооруну жеңген ак халатчандар болгон эмес.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 582 учур катталды. Алардын ичинен 387си айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button