Дүйнө

«Талибан» кыймылы Ооганстанда ИМ толугу менен басылганын жарыялады

Анткен менен талиптер Ооганстандагы ИМ мүчөлөрү коңшу мамлекеттерден мигрант катары кирип келиши ыктымалдыгын жокко чыгарбайт.

Ооганстандагы “Ислам мамлекети” эл аралык террористтик тобунун ишмердүүлүгү толугу менен басылды, деп билдирди Ооганстандын ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Абдул Матин Кани өлкөнүн бардык 34 провинциясынан келген министрликтин инспекторлорунун семинарында, БУУ жана Евробиримдиктин террорчулар афгандык качкындарды өз катарына тартып алышы мүмкүн деген кооптонуусун комментарийлеп жазды.

«ИМдин диверсиялык элементтеринин Ооганстандагы аракеттери толугу менен басылды. Бул жагынан кооптонууга негиз жок. ИМдин башкаруусу жана көзөмөлү ар дайым өлкөнүн сыртынан жүргүзүлүп келгени белгилүү. Ооганстан Ислам Эмираты ИМ мүчөлөрү коңшу мамлекеттерден мигрант катары кирип кетиши мүмкүн деген анча-мынча кооптонууларды жаратууда. Бирок биздин коопсуздук күчтөрүбүз муну түздөн-түз көзөмөлгө алат.» Бул тууралуу афгандык Ariana News порталы билдирди.

Тектеш кабарлар

Back to top button