Саясат

Кремль Жээнбековго парад алдындагы чечими үчүн ыраазы болду

Кремль Сооронбай Жээнбековго делегация мүчөлөрүнөн коронавирус аныкталып калгандыктан, башка конокторго корконуч жаратпайын деп Жеңиш парадына катышпоо чечимин кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берип РИА Новости жазып чыкты.

Кечээ, 24-июнда, Москвадагы парадга катышуу үчүн барган кыргыз делегациясынын эки өкүлүнөн коронавирус чыгып, президент Сооронбай Жээнбеков иш-чарага катышпай эле коюуну чечкен. COVID-19 аныкталгандар президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков жана күзөт кызматынын кызматкери болуп чыккан.

«Президент Жээнбеков жана делегация мүчөлөрү парадга катышуу үчүн Москва шаарына келип бергенине ыраазыбыз. Тилекке каршы, айрымдарда вирус аныкталып калып, президент парадга катышпоо чечимин кабыл алды. Ал биринчи кезекте салтанатка катышып жаткан ардегерлердин жашоосун, экинчиден башка өлкө башчыларга коркунуч жараткысы келген жок. Мындай чечими үчүн рахмат айтабыз”, — деди Песков.

Булак: Спутик

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button