Бишкектин көчөлөрүнө жол эрежесин сактоо, зомбулукка, чыр чатактарга жол бербөө тууралуу банерлер орнотулду(ФОТО)

2020-жылдын 26 июнунда Бишкек шаардык ШИИБи боюнча Милициянын кайгуул кызматы коомдук коопсуздукту сактоо, кылмыштуулуктун жана зомбулуктун алдын алуу, үйбүлөлүк чыр-чатакка жол бербөө, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин сактоо, жарандар жана жаш балдар катышкан жол кырсыгынын алдын алуу, жолдо жүрүү учурунда коопсуздук курун жана ылдамдыкты көрсөтүлөн белгиде айдоо боюнча айдоочуларга үгүттөө, эскертүү иретинде Бишкек шаарынын Киев жана Исанов, Ахунбаева жана Чапаева, Ден Сяопин жана Каракумская, Ден Сяопин жана Пишпек, Гагарина жана Айтматова, Киевская жана Тыныстанова, көчөлөрүнүн кесилишине жан Элебесова, Тыналиева көчөлөрүнө, жалпысынан 10 банерлер орнотулду.

Ошондой эле жай мезгили туристтик сезон болгондуктан туристтерди тартуу, алардын коопсуздугун камсыз кылуу жана алардын жакшы эс алышына шарт түзүү максатында, аларга которуу, багыт берүү иретинде атайын туристтик милициянын сүрөттөрүнүн катышуусундагы банерлер даярдалып чоң көчөлөргө илинди.



Милициянын кайгуул кызматынын Басма-сөз кызматы.



