Окуялар

(Видео) Самаркандда эки баштуу наристе төрөлдү

Өзбекстандын Самарканд шаарында эки баштуу наристе төрөлдү. Бул туурасында Өзбекстандын массалык маалымдоочу каражаттары, Самарканд областынын көп тармактуу медициналык борборунун башкы дарыгери Дилшод Рахмоновдун билдиргенине таянып, кабарлашты.

Алынган маалыматка ылайык, азыркы учурда наристе реанимация (жандандыруу) бөлүмүндө.

«Дүйнө жүзүндө ушундай аномалия (нормадан тыш көрүнүш) өтө сейрек учурайт. Мындай аномалия менен төрөлгөндөр 30дан 50 жашка чейин жашашат. Азыр наристенин абалы дурус. Аны сактап калуу чаралары жүрүп жатат. Ушул тапта тамактануусу жана кан айлануусу нормада. Азыр ага кычкылтек жетишсиз. Биз наристени аман алып калуу үчүн бардык чараларды көрөбүз», — деп белгилеген Рахмонов.

Анын айтуусуна караганда наристе кесарево жолу менен төрөлгөн. Апасы да дарыгерлердин көзөмөлүндө.

https://youtu.be/N7alVAhIoYE

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button