Вирусолог: Мындан ары коронавирус жарганаттан адамдарга оңой эле жуга баштайт

Кытайдын Ухань шаарындагы лабораториянын вирусологу Ши Чжэнли коронавирустун дагы кайра-кайра кайталынып жаңы түрлөрү чыгып тураарын адамзатка эскертти, деп жазат NUR.KZ, 30-июнда.
Чжэнли коллегасы Цуй Цзе менен бирдикте SARS вирусун жаргаттардан таап чыкканы менен дүйнөгө белгилүү. Ал коронавирус жана анын кайрадан жайылышы жөнүндө макала жазган, деп маалымдады Mirror. Макала рецензиялоо стадиясынан өтө элек деп белгилейт басылма.

Шинин сөзү боюнча, илимпоздор корнонавирус жөнүндө азыркы учурга чейин таап чыккандары «айсбердин үстү» гана. Жакынкы аралыкта коронавирустар өсүп-өнүгүп жаргаттардан адамдарга оңой эле жуга турган болуп калат. Ухандан чыккан тумоо, адамзат үчүн өтө кооптуу сигнал болуш керек деп эсептейт вирусолог. Адамдар фаунанын каякка которулаарына карата жапайы жаратылышка өтө көп кол салат, а мындай көрүнүш вирустун таралышына ыңгайлуу шарт түзөт, дейт Ши. Анын эсеби боюнча жаргаттар КВИнин (коронаввирус инфекциясы) 6 жолку чыгышына жана жайылышына алып келген, анын ичинде Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму пандемия деп жарыялаган COVID-19 да бар.



