Окумуштуулар: COVID-19дан ооруп айыккандарда иммунитет көпкө сакталбайт. Коллективдүү иммунитет — фантазия
Галвестондогу Техас университетинин медициналык бөлүмүнүн кызматкерлери COVID-19дан айыккандарда иммунитет канчага чейин сакталаарын иликтешкен. 2020-жылдын 29-февралынан тартып 29-апрелине чейин төрт топко бөлүнгөндөрдүн IgG-антителага анализдери иликтенген.
COVID-19 менен жабыркагандардын жана мындай диагноз коюлбаган жалпы профилдеги медициналык кызматкерлер, ошондой эле ооруканага жаткырыла турган башка профилдеги бейтаптардын анализдери текшерилген, деп жазды “Известия”, 1-июлда.
Ушул мөөнөттүн аягында биринчи топтогу сыркоосу оор болгондордун 10%инде жана коргонуучу каражаттары жок иштешкен медициналык кызматкерлердин 96%инде антитела (иммунитет) табылган эмес.
Мындай тыянактар пандемияга каршы күрөштүн бир нече багытынан, ошондой эле кабыл алынган концециялардан күмөн санатат. Биринчиден, коллективдүү иммунитеттин иштелип чыгышына, экинчиден, азыркы кезде COVID-19га каршы перспективалуу деп иштелип жаткан, терапевтикалык антитела пайда кылат деп эсептелген дармектердин эфективдүүлүгүнө күмөн туудурат.
ВИЧти иликтеп дүйнөгө атагы чыккан америкалык вирусолог Уильям Хазелтайн да, “коллективдүү иммунитет-фантазия”, деп айтып, беткап кийип, социалдык дистанцияны сактап, колду бат-баттан жууп туруу менен сактанууга болоорун эскерткен.

Россиянын адистери, COVID-19 менен ооруп айыккандан кийинки иммунитеттин иштешине карата көптөгөн суроолорго жооп табыла электиги менен макул болушат, бирок, ошол эле учурда өтө эле аз убакыт өткөнүн, демек тигил же бул тарапты көздөй тыянак чыгаруу али эрте экенин белгилейт. Проблема дагы иликтөөнү талап этет.



