Дүйнө

Россиянын конституциясына өзгөртүүлөр киргизилди. Путин президентикке дагы шайлана алат

Кечээ 1-июлда Россиянын конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жалпы россиялык референдум өттү.

БШК протоколдорду 100% эсептеп чыкты. Өзгөртүүгө каршы 21,27% россиялык добуш берди, деп маалымдады 2-июлда ТАСС.  

РФнын конституциясына өзгөртүүлөрдү жалпы россиялык добуш бергендердин 77,92%и колдогону Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоо протоколдорун 100% эсептеп чыккандан кийин белгилүү болгон.

Добуш берүүгө шайлоочулардын 65%и келген.

Мыйзамга ылайык референдумда добуш бергендердин жарымынан көбү колдосо өзгөртүүлөр күчүнө кирет.

Жаңы өзгөртүүлөр боюнча президенттик мөөнөт нөлдөштүрөт, башкача айтканда чектелбейт. Демек, Россиянын азыркы президенти В. В. Путин 2024-жылдан кийин мамлекеттик башкы кызматка кандидатурасын кайрадан коюга акысы бар.

Владимир Путин

Бул  туурасында BBC маалымат кызматы 1-июлда минтип жазды: «Эң башкы өзгөртүү Владимир Путиндин президенттик мөөнөтүн нөлдөштүрүү».

Эскерте кетсек, Россиянын президентинин мөөнөтүн нөлдөштүрүү боюнча Батыш өлкөлөрүндө, бул демократияга жатпайт деген сыяктуу көптөгөн сын пикирлер айтылды. Ошол эле убакта, Батыштын дээрлик баардык мамлекеттеринде  (Франциядан башка), өлкөнүн иш жүзүндөгү жетекчиси болгон премьер-министрдин  (канцлердин) мөөнөтүн чектөө таптакыр жок – партиясы шайлоодо утса, кайра-кайра бул кызматка шайлана берет.  

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button