Коом

(ВИДЕО) Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү эмне үчүн түз эфирде ыйлап ийди?

Бүгүн түз  эфирден Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова республикалык штабдын брифингинде бүгүнкүн күндөгү абал тууралуу айтып жатып ыйлап жиберди.

Анын айтымына, саламаттыкты сактоо тармагында жана дарыгерлердин бүгүнү күндө абалы өтө оор.

«Тез жардам унаасын өздөрү түрткөн дарыгерлер тууралуу айтсам. Албетте дарыгерлердин жумушу өтө оор болуп турат. Бирок, ага карабастан алар бейтапка убагында жетип, тез жардам көрсөтүүгө аракет кылышууда. Унаа албетте бул техника. Бейтапты алып бара жаткан жеринен бузулуп калышы да мүмкүн»,-деп ыйлап жиберди.

Эске сала кетсек, буга чейин социалдык тармактарда дарыгерлер “тез жардам” унаасын өзүлөрү түртүп бара жаткан видео тараган.

Бүгүн Кыргызстанда коронавирус жуктурган 506 кишиден аныкталып, 10 киши каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button