Саясат

Жээнбеков өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча пикирин айтты

Азырынча өлкөгө өзгөчө абал режимин киргизүү маселеси карала элек. Бул тууралуу өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдиргенин президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Жээнбеков жер-жерлерге киргизилген санитардык-эпидемиологиялык, карантиндик чектөөлөрдү жарандар жана экономикалык субъектилер сөзсүз аткарышы керектигин баса белгилеген.

«Оору менен күрөшүүдө жарандык жоопкерчилик чоң мааниге ээ. Кырдаал жөнөкөй эмес, оор экенин моюнга алабыз. Ар бир муунга түрдүү кырдаал менен кагылышуу буйруган. Аталар, чоң аталар Улуу Ата Мекендик согуштун азабын көргөн. Эми биз оору менен күрөшүп жатабыз. Дартты жеңүү үчүн өлкөнүн ар бир жараны жоопкерчиликти так аткарышы абзел. Бул жоопкерчиликтер өтө жеңил. Болгону аралыкты, эрежени сактап, адистердин айткандарын жасаш керек», — деген өлкө башчы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button