Коом
Кыргызстанда соңку бир күндүн ичинде кооптуу вирус жугузган 46 адам каза болду.

Кечээтен бери коронавирус илдети алты бейтаптын өмүрүн алды. Ал эми өпкөнү сезгенткен пневмонияга чалдыккан 40 адам каза болду.
Ал эми Коронавирус дагы 511 кишиден табылды. Бул туурасында коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Бишкек шаары – 260;
Чүй облусу — 104;
Ош шаары — 27;
Ош облусу — 20;
Жалал-Абад облусу — 29;
Баткен облусу — 16;
Ысык-Көл облусу — 26;
Нарын облусу — 26;
Талас облусу — 3.
Ушуну менен коронавируска кабылгандардын саны өлкөдө 9 358ге жетти.



