Окуялар
Саламаттык сактоо министри Абдикаримов пневмония оорусуна чалдыкты

Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов пневмония оорусуна чалдыкканы аныкталды. Бул туурасында коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, министрдин коронавируска тапшырган анализинин жыйынтыгы терс чыккан. Бирок андан пневмония аныкталган.
Ал эми орун басары Нурболот Үсөнбаевдин тапшырган тести COVID-19 жугузуп алганын көрсөткөн.
“Учурда министрдин да, орун басарынын дагы абалы туруктуу, орточо деп бааланууда. Тиешелүү дарылануудан өтүп жатышат”, — деди Акматова.



