Дүйнө

Түз эфирде маңдайкы тиши түшүп калган диктор кыздын видеосу

Украинанын «1+1» телеканалында жаңылыктарды окуп жаткан Маричка Падалконун алдыңкы бир тиши түшүп кетип, бирок сыр бербей абалдан чыгып кеткенин РИА Новости жазды.

https://www.instagram.com/p/CCpv1dpDqe5/

Анын бул учурун көрүүчүлөр социалдык тармактарга жүктөшкөн. Кадрдан ал сүйлөп жатканда маңдайкы тиши түшүп калганын көрүүгө болот. Алып баруучу аны колу менен акырын алып, андан ары берүүсүн улантып кеткен. Бир канча секунддан кийин эреже боюнча сюжетти көрсөтүүгө өтүшкөн.

Көп өтпөй алып баруучу өзү Instagram аркылуу кайрылуу жасап, учурда тиш доктурга барып жатканын айткан.

https://www.instagram.com/p/CCkkQXhpHmi/
Бирок ал дарыгердин катуу нерселерди азырынча тиштебей тур дегенин укпай койгону үчүн түз эфирде ыңгайсыз абалга кабылганын айтып, бир четинен бул окуя аны таанымал кылгандыгын моюндаган.

Булак: Спутник

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button