Коом

Россия Федерациясы Кыргызстанга ПЧР тест-системалардын топтомун берди

Россия Федерациясы коронавирус инфекциясына каршы күрөштүн алкагында Кыргыз Республикасына гуманитардык жүк берди. 

Гуманитардык жардам катары COVID-19 инфекциясынын бар-жогун аныктоочу тест-системалардын бир нече партиясы берилди. Жалпысынан жардам иретинде 80 720 изилдөө үчүн 820  ПЧР тест-системасынын толук топтому, 24 000 изилдөөгө толук эмес 480 топтом келген. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министирлиги Россия Федерациясына, ошондой эле Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматына көмөктөшүүсү үчүн ыраазычылык билдирип, коронавирус инфекциясы менен мындан аркы күрөшүүдө жемиштүү кызматташууга ишеним көрсөтөт. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button