Кандай учурларда коронавирус жукпашы мүмкүн. Эксперт үч вариантты атады

Эгерде адамдын иммунитети тубаса ыкчам жана күчтүү болсо, вирус жукпашы мүмкүн. Андай учурда вирустун анча көп эмес “дозасына” иммунитет жогорку жактагы дем алуу көңдөйлөрүнүн деңгээлинде эле дароо жооп кылып, илдеттин андан ары жылышына мүмкүндүк бербейт. Бирок, ошол эле учурда, илдеттин эч кандай белгилери да болбошу ыктымал, ошондой эле коронавирустун өзүнө иммунитет пайда болбойт, деп айтты контракттуу-изилдөөчү компаниянын директору Николай Крючков. Бул тууралуу NTV-RU маалымдады.
Экинчи вариант — эгерде жалпысынан күчтүү иммундук жооп кыла ала турган организмге адам жугузуп алса. Андайлар, адатта, кадимки эле суук тийип ооруп айыккандарда болот. Мындай учурда организмде күчтүү антитела же иммунндук эске туткуч Т-клеткалары сакталып турат. Организм, анда илдеттин инфекциясын тезирээк жеңет.

Тромбоздорго, адекваттуу эмес иммундук реакцияларга жөндөмүү эмес, жалпысынан күчтүү иммунитети барларда, иммундук жооп адаттагыдай эле болот. Мындай учурда оору жеңил формада же симптому жок өтөт. Ошол эле учурда спецификалык иммунитет сакталып калат, деп белгиледи иммунолог.



