Коом

Бир суткада 521 адамдан илдет аныкталды. Пневмониядан 41 киши, тумоодон 7 адам каза тапты

2020-жылдын 15-июлуна карата республика боюнча коронавирус инфекциясы дагы 521 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин аттыкты коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Бектургановна Акматова билдирди.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 273, Чүй областында — 74, Ош шаарында — 38, Ош областында — 16, Жалал-Абад областында — 43, Баткен областында  — 39, Ысык-Көл областында  — 30, Талас областында — 8.

Акыркы суткада пневмониядан 41, тумоодон 7 адам каза тапты. Марттан бери пневмониядан каза тапкандардын саны 612 адамды түздү. Тумоодон 167 адам көз жумду.

Республика боюнча 12 миң 498 кишиден вирус аныкталган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button