Пайдалуу кеңештер

Окумуштуулар коронавирустан активдүү коргой турган азыктарды атады

Эсиңерге сала кетсек, Франциянын  Монпелье университетинин окумуштуулары капустанын баардык түрлөрү, айрыкча ачыган капуста коронавирустан сактай турган касиетке ээ экенин изилдеп чыгышкан. Алардын маалыматтары боюнча, капустанын ар түркүн түрлөрү өтө популярдуу болуп саналган өлкөлөрдө, мисалы  Россия, Германия жана Түштүк Кореяда, коронавирустан көз жумгандардын саны кескин төмөн.

Окумуштуулар капустада COVID-19дун оор формада өтүүсүнө тоскоол боло турган заттар, ал эми ачытылган капустада ар кандай патогенге каршы  организмдин коргонуусун күчөтө турган антиоксиданттар бар, деп белгилешет.

Ошондой эле ушул эле университеттин окумуштуулары сүт-айран азыктары (айран, кефир, йогурт) да коронавирустан сактаарын изилдеп чыгышкан. Бул туурасында The  Sun билдирди, деп РИА Новости маалымдаган.

Коронавирус инфекцисынан көз жумгандардын саны кескин төмөн өлкөлөргө Түркия, Болгария менен Греция киришет. Окумуштулар муну бул өлкөлөрдө йогурт менен кефирди өтө көп ичишкендиктен деп түшүндүрүшөт. Бул сүт азыктарында да антиоксиданттар бар, дешет эксперттер.

Монпелье университетинин профессору, француз изилдөөчүлөрүнүн жетекчиси  Жан Буске: «Тамактануу коронавируска каршы иммундук реакцияга таасир этет. Ошондуктан мен өз менюмду өзгөрттүм – жумасына үч ирээт чийки капуста, бир ирээт ачытылган капуста жейм, а эртең менен кефир, анан маринаддалган жашылча менен тамактанам», дейт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button