Коом
Азимжан Аскаров каза болду

Укук коргоочу Азимжан Аскаров каза болду. Өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу №47 абактагы ооруканада көз жумду.
Азимжан Аскаровдун ооруп жатканын буга чейин да адвокаты айтып келген. Андан акыркы убакта пневмониянын белгилери да байкалган.
Азимжан Аскаров 2010-жылдагы июнь коогалаңын уюштуруучулардын бири катары айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган.



