Маданият
Теле алып баруучу, блогер Назира Айтбекова эмне үчүн тойду мынча жактап жатат?

Мындан ары той өткөрбөйлү, ысырапкорчулук, деп кыргыздар кыйкырып жатышса, теле алып баруучу, блогер Назира Айтбекова, өз баракчасында тойдун өтүп турганы сонун деп жазып жатат.
А чынында, Назиранын сөзүндө чоң жүйөө бар…
«Тойдон тажап, барганда да жөн барбай… акчаны да бергибиз келбей, «Акча жокто кычап той бербей эле койбойбу!»- деп шыпшынып…ырчы менен тамадалардын акчасын санап, ичибиз тарып калдык эле.

Азыр дарыга, концентраторго акча издеп атабыз го! Апаат болгондон көрө той эле болсо болмок экен ээ? Дарыга, өлгөнгө кеткен акча ырчыга кетип дегендей. Адам баласына эч нерсе жакпайт тура! Шүгүрдү үйрөндүкпү, ыя?», дейт теле алып баруучу, блогер.



