Дүйнө

Төбө чачтын тик туруусу, же бөрү жатыш эмнени билдирет

Мурда дене дүркүрөгөн (мурашки по коже), же “төбө чач тик турган” деген түшүнүктүн пайдасы, болбосо зыяны жөнүндө атайын илимий көз караш болгон эмес.  АКШнын Гарвард университетинин изилдөөчүлөрү бул кубулуштун мурда белгисиз функциясын таап чыгышкан, деп билдирген Science Alert.  

Катуу сууктан, же болбосо өтө күчтүү эмоционалдык абалда болгондо, адамдын териси бөрү жатыш болуп — майда-майда быдырларга толуп кетет. Бул эффект  пиломотордук рефлекс деп аталат.

Мындай реакция шимпанзеде, чычкандарда, мышыктарда,  иттерде, дикобразда жана башка сүт эмүүчүлөрдө кездешет. Тик турган жүн аларга коркунуч туулган учурунда өздөрүн чоң жана коркунучтуу болуп көрүнгөнгө жардам берет. Ал эми адамда, бул кубулуш анын терисин жүн баскан мезгилден калган рудимент катары эсептелип, азыркы кишилер үчүн кенедей да практикалык мааниси жок деп саналчу.  

Бирок,  Cell басылмасына чыккан илимий материал, пиломотордук рефлекстин “кереги жок” эмес экенин  далилдеген. Маселен, ошол эле чычкандарда жүндүн тик туруусу, Arrector pili кичинекей булчуңдардын тартылуусу менен денеде жүндүн өсүүсүнө өбөлгө түзөт. Ал эми адамда уңгулуу (стволовые) клеткалардын жардамы менен жаңы  клеткалардын пайда болушун шарттайт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button