Эксперт: Июлдагыдай абал Кыргызстанда октябрда кайталанышы күтүлүүдө
Күзүндө Кыргызстанда, биз июль айында күбө болгондой оорунун туу чокусу кайталанышы күтүлүүдө. Бул туурасында «Докторду сөзү» («Слово доктору») долбоорунун эфиринде, профлактикалык медицина илимий-өндүрүштүк бирикмесинин алдындагы Республикалык жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө илимий-практикалык борборунун эпидемиологу Алексей Кравцов айтып берди. Бул туурасында 24.kg маалымат агенттиги билдирген.
Анын айтымында, кыргызстандык эпидемиологдор Оксфорд университетиндеги коллегалары менен бирдикте, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды божомолдоону кайрадан кайталап анализдеп чыгышкан.
«Ал (анализ) так көрсөттү, оорунун туу чокусуна биз болжол менен октябрь айында жетебиз. Эгер эч кандай чараларды көрбөсөк, анда төмөндөө жылдын аягында, же келерки жылдын башында башталат. Ошондуктан, объективдүү түрдө даяр болушубуз керек, экинчи толкун, экинчи туу чоку дегенибиз күзүндө өтөт. Ал ОРВИ менен грипптин сезонуна туш келет. Саламаттык сактоо министрлиги буга даярданып жатат: гриппке каршы вакцина сатып алууда. Анткени, жугуштуу инфекциялардын аралашып кетиши оорунун оор түрдө өтүшүнө алып келет», — деп белгиледи ал. Биринчи белгилери боюнча ОРВИ же грипптен коронавирусту айырмалоо өтө татаал, деп кошумчалады Николай Кравцов. «Оорунун башталышы жөнүндө айта турган болсок, анда спецификага туура келебей турган белгилерди көрөбүз: баш ооруйт, дененин табы көтөрүлөт, дене сыздап ооруйт», — деп кошумчалады эксперт



