Окуялар

ИИМдин Интерпол Улуттук борборлоштурулган бюросунун кызматкерлери эларалык издөөдө жүргөн адамды кармашты

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерпол Улуттук борборлоштурулган бюросунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Интерполдун багыты боюнча эл аралык издөөдө жүргөн адам кармалды.
Жакында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерпол Улуттук борборлоштурулган бюросунун кызматкерлери жашы жете элекке карата сексуалдык ыдык көрсөтүүгө жана эркиндигинен мыйзамсыз ажыратууга айыпталып, Түркия Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн 1988-жылы туулган Түркиянын жараны Ч.О. кармалды. Кармалган адам Кыргыз Республикасынын ЖПКнын негизинде процессуалдык чечимдерди кабыл алуу үчүн Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Алынган маалымат боюнча жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш 2011-жылы жасалган. Интерполдун багыты боюнча шектүү 2020-жылдан бери издөөдө жүргөн. Эл аралык издөөгө алган Түркиядагы Интерпол Улуттук борборлоштурулган бюросуна маалымдама берилди.
Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын Интерпол Улуттук борборлоштурулган бюросунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө дайынсыз жоголду эсептелип Түркия Республикасынын укук корго органдарынын кайрылуусу боюнча Интерпол Кылмыш полициясынын эл аралык уюмунун багыты боюнча издөөдө жүргөн 1958-жылы туулган Түркиянын жараны Х.Ч. кандай жүргөндүгү аныкталган. Болжолдуу маалымат боюнча Х.Ч. Кыргызстанга 2005-жылы келип, ар кайсы жерлерде жашап келген.
Издөөгө алган тарап маалымдалды.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button