Коом

Бишкекте үйлөрдүн фасаддарын оңдоо иштери уланууда

Свердлов районунун акимчилигинин демилгеси менен демөөрчүлөрдүн жана тургундардын колдоосу менен Чүй проспектиси, 26 дарегинде жайгашкан үйдүн фасадын калыбына келтирүү жана жакшыртуу иштери аяктады.

Фасадды калыбына келтирүү, атайын топурак аралашмалары менен иштетип, дубалдарды эки катмар кылып сырдоо иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле демилгенин алкагында Чүй проспектисиндеги№ 48, 105, 44, 117, Абдрахманов көчөсүндөгү № 105/1, 105/2, 105/3, 141, жана Москва көчөсүндөгү №86 үйлөрдүн фасаддары да жаңыланды.

Борбор калаанын мэриясы шаардын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн бардык камкор жарандарга ыраазычылык билдирет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button