Коом

Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектисинде жөө жүргүнчүнү унаа сүзүп кетти

Бүгүн 3-октябрда эртең менен Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисинде жөө жүргүнчүнү унаа сүзүп кетти. Окуя тууралуу күбөлөр кабарлашты.

Алардын айтымында, аял уруксат берилбеген жерден жолду кесип өтүп, аялдаманы көздөй бара жаткан. Ошол учурда Мерседес үлгүсүндөгү унаа проспекти менен бара жатып, өз убагында тормозду баса албай калган. Катуу сокку аялды бир нече метрге ыргытып жиберген.

Азырынча милициядан расмий маалымат келе элек. Окуяга күбө болгондор аял жабыркаганын, бирок кырсыктан аман калганын айтышууда.

Айтматов проспектисин реконструкциялоонун алкагында бийлик бардык жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү алып салды. Жергиликтүү тургундар бул маселени кайра-кайра көтөрүп, бирок өтмөктөр орнотулган эмес.

Тектеш кабарлар

Back to top button