Окумуштуулар коронавирустун жугуштуулугуна бөгөт боло турган талуу жерин табышты

АКШнын окумуштуулары коронавирус инфекциясынын жаңы, талуу жерин табышты. Иликтөөчүлөрдүн сөзүнө караганда, бул ачылыш вирустун адамдарга жугуштуулугун төмөндөтүүгө жардам берет, деп ACS Nano билдирген маалыматка таянуу менен Lenta. Ru кабарлады.
АКШнын Түндүк-Батыш университетинде SARS-CoV-2нин, таза клеткаларга жугуудагы негизги ролду ойногон S-белогуна байланышкан талуу жерин таап чыгышты. S-белок өзүндө таанып-билүү сайтын сактап турат.Так ушул сайт вирустун рецепторлого жабышып, андан ары клеткалардын ичине кирүүсүн камсыз кылат. Анын жанында эле вирустун белоктору менен рецепторлордун ортосундагы өтө тыгыз байланышты камсыз кыла турган бөлүнүүчү, көп негиздүү сайт бар экени маалым болгон. Ушунун негизинде бөлүнүүчү сайтка окумуштуулар молекуланы синтездешкен. Ал молекула вирустун клеткада өөрчүшүнө бөгөт коет.
Окумуштуулар, бөлүнүүчү сайтты блоктоо, коронавирустун жугуштуулугуна алдын ала бөгөт кое турган эң мыкты профилактика болуп эсептелет дешет.



