Голливуд жылдызы Чак Норрис Александр Лукашенкону «ыйлатып коем сени» деди

Америкалык боевиктердин жылдызы жана ТВдагы «техастын рейнджери» Чак Норрис, Беларусиянын президенти Александру Лукашенкого видеокайрылуу жасады. 14-августта YouTube каналында жарыяланган роликте Чак Норрис «Саша нөл процент» жана «Мистер таракан» деген кишиге кайрылып «Сен билесиңби, мен пиязды кесип жатканда, ал ыйлайт. Ошондуктан, эгер азыркы жасап жаткан иштериңди токтотпосоң, мен сенин резиденцияларыңдын бирине келем да, сени ыйлоого мажубур кылам», деп коркутту.
Белгилей кетчү нерсе, Норрис видеону, атайын бир өлчөмдөгү гонорар үчүн жылдыздар камерага текст окуй турган Cameo платформасы үчүн жазган. Ушундай эле видеокайрылууну июль айынын башында, ушул эле сервисте, Беларусиянын президенттигине экс-кандидат Виктора Бабарикону колдой турганын билдирип, Голливуд жылдызы Элайджи Вуда жасаган.



